Баткенде HOWO кырсыктап, 5 тонна күйүүчү май жолго төгүлдү

Оштон Лейлекке бара жаткан унаа эртең менен саат тогуздар чамасында Баткендин Миң-Булак айылында кырсыкка учураган
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана жолунда HOWO унаасы кырсыкка учурап, жүктөп бара жаткан  күйүүчү майдын 5 тоннасы жолго төгүлгөнүн Sputnik Кыргызстан  агенттигинин жергиликтүү кабарчысына айдоочу өзү  билдирди.

1 / 3
Ош — Баткен — Исфана жолунда HOWO унаасы кырсыкка учурап, жүктөп бара жаткан күйүүчү майдын 5 тоннасы жолго төгүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысына айдоочу өзү билдирди
2 / 3
Маалыматка караганда, Оштон Лейлекке бара жаткан унаа эртең менен саат тогуздар чамасында Баткендин Мин-Булак айылында кырсыкка учураган
3 / 3
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

Маалыматка караганда, Оштон Лейлекке бара жаткан унаа эртең менен саат тогуздар чамасында Баткендин Мин-Булак айылында кырсыкка учураган.

"Мен өз жолумда кетип бара жатканда артымдагы Honda Accord унаасынын айдоочусу кууп өтүүгө аракет кылды. Ага жол берүүгө аракет кылып, рулду буруп жибергенде жол жээгиндеги тосмого унаам жарым-жартылай чыгып кетти. Ичинде беш адам бар жеңил машинанын айдоочусу токтобостон качып кетти", — деди айдоочу Малик Токтобаев.

Жүк ташуучу унаа үч машинаны кагып, өспүрүм каза болгон жол кырсыктын сүрөттөрү
Кырсык болгон жерге Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана ӨКМдин куткаруучулары барган.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн үгүт-насаат тобунун тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбековдун айтымында, унаага 29 жана 9 тонналык эки цистерна чиркелген.

"Биринчи цистерна жабыркаган жок. Экинчиси тешилип калып, беш тоннадай май төгүлүп калды. Калганын улам бир идишке куюп жатып алып калдык", — деди Арстанбеков.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.