Раиса Атамбаева профессор болду

Экс-ажонун жубайы буга чейин докторлук ишин Россияда жактаган
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Раиса Атамбаевага Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун токтому менен профессор илимий наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти. 

Присвоения ученого звания "профессор" Раисе Атамбаевой

Белгилей кетсек, Атамбаева докторлук ишин Кыргызстандагы өспүрүм кыздардын ден соолугуна байланыштуу темада 2016-жылы Россияда жактаган.

Алмазбек Атамбаевдин жаңы жыл тууралуу ыры чыкты
Жогорку аттестациялык комиссиянын президиуму Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окумуштуулар кеңешинин Атамбаевага профессор наамын берүү сунушун бир добуштан колдогон.

Раиса Атамбаеванын илимий-педагогикалык стажы 26 жылды түзөт. Учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында гигиеналык дисциплина кафедрасын жетектейт.

Анын 87 илимий эмгеги, анын ичинде 75 макала, бир монография, гриф менен жазылган окуу китеби, 5 окуу-методикалык сунуш жана 17 илимий макаласы жарык көргөн.