БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Айрым министрликтин сайтынан кыргыз тилиндеги маалыматтарды сыйпалап таппайсыз. Жада калса министрдин өмүр баяны да кыргызча жазылган эмес, дагы бир сайтка кирсеңиз эки ай мурда кызматын тапшырган министр дагы деле ордунда "отурган" болот. Анткен менен материалдарды мамлекеттик жана расмий тилде ыкчам жарыялап ажат ачып турган сайттар да жок эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттиги КР министрликтеринин сайты жана социалдык тармактагы баракчалары кандай иштеп жатканына баам салды.
Ички иштер министрлиги
Сайт убактылуу иштебейт. Министрликтин маалымат кызматы учурда сайттын доменин узартуу мөөнөтү келгендиктен иштебей калганын айтып, жакынкы күндөрү кайрадан жанданат деп түшүндүрүштү.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Экономика министрлиги
Министрликтин сайтындагы маалыматтар орус тилинде гана жайгаштырылган. Кыргызча бөлүмү киргизилген эмес. Бул боюнча министрликтин маалымат кызматы учурда сайттын кыргызча бөлүмү жаңыланып жаткандыктан серверден алынган деп билдирди. Качан колдонууга берилери азырынча белгисиз. Сайтында Facebook жана "Одноклассники" баракчалары көрсөтүлгөнү менен ал жакка 2016-жылдан бери бир да маалымат жүктөлгөн эмес. Бирок Twitter баракчасы активдүү иштейт. Ал эми Youtube каналына акыркы видео үч ай мурун киргизилген.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
Маалыматтар кыргыз жана орус тилинде чыгат. Бирок кыргыз тили бөлүмүнөн орус тилиндеги жаңылыктарды да кезиктирүүгө болот. Министр Нурбек Мурашевдин өмүр баяны да кыргыз тилине которулган эмес. Айыл чарбага байланыштуу мыйзамдар жана жасалган иш-аракеттер туурасында орусча гана окуй аласыз. Кыргыз тилиндеги документтерди бирин-серин көрүүгө болот. Соңку жаңылык 4-январда жүктөлгөн. Социалдык тармактагы баракчалары көрсөтүлгөн эмес.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
Транспорт жана жол министрлиги
Министрликтин сайтында кыргыз, орус жана англис тилдер бөлүмү болгону менен маалыматтардын дээрлик баары орус тилинде чыгарылат. Коомчулукка жарыяланган жаңылыктар да расмий тилде. Соңку жаңылык 4-январда чыккан. Социалдык тармактагы баракчалары көрсөтүлгөн эмес.
Билим берүү жана илим министрлиги
Бул сайттан да кыргыз жана орус тили бөлүмдөрүн көрүүгө болот. Бирок министриликке тиешелүү документтер, укуктар жана иш-аракеттердин баары расмий тилде жайгаштырылган. Коомго жарыяланчу жаңылыктар да орус тилинде. Соңку жаңылык өткөн жылдын 22-декабрында жүктөлгөн. Түзүлгөн кырдаал боюнча мекеменин маалымат кызматы түшүндүрмө берип, учурда сайт реконструкцияланып жаңы дизайны жасалып жатканын айтышты. Ал эми Facebook баракчасы активдүү иштейт. Youtube каналында акыркы видео эки жума мурун жүктөлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлиги
Юстиция министрлиги
Бул сайтка материалдар кыргыз, орус тилдеринде жайгаштырылган. Англис тилинде да айрым маалыматтар чыгып турат. Акыркы жолу сайтка 30-декабрда министр Уран Ахмедовдун жаңы жылдык куттуктоосу жарыяланган. Бирок министрдин кыргыз тилиндеги өмүр баянын табуу мүмкүн эмес. Facebook, Instagram тармагындагы расмий баракчалары активдүү иштейт. Ал эми Youtube каналына акыркы жолу үч ай мурун видео жүктөлгөн.
Финансы министрлиги
Тышкы иштер министрлиги
Тышкы иштер министрлигинин сайтына маалыматтар кыргыз, орус жана англис тилдерине жайгаштырылат. Министирликке тиешелүү бардык маалыматтар менен үч тилде тең тааныша аласыз. Сайтка жаңылыктар акыркы жолу 5-январда чыккан. Facebook, Twitter, Youtube баракчалары активдүү иштейт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Сайтка бардык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылат. Англис тилинде да учкай маалыматтар бар. Жаңылыктар акыркы жолу 5-январда жарыяланган. Facebook жана Youtube баракчалары активдүү иштейт.