Тажикстанда жаңы жылдык палоого ууланып төрт адам көз жумду

Пловго ууланган 12 адамдын ичинде кичинекей бала дагы бар
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Тажикстандын Кожент шаарында жаңы жылга даярдалган палоого ууланган төрт адам каза болду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, достор майрамга карата бир казан аш басышкан. Аны жегенден кийин бир тобу өзүн начар сезе баштаган.

"Алар Кожент шаарынын №1 ооруканасына жаткырылган. Ал жерден уулангандардын төртөө көз жумду. Калгандарынын акыбалы оор. Бардыгы болуп палоону 12 адам жеген. Алардын арасында кичинекей бала дагы бар", — деп жазылат макалада.

Дискотекада ууланган окуучулар тууралуу министрлик үн катты
Ошондой эле тамакка кадимки туздун ордуна натрий нитраты колдонулганын экспертиза аныктап чыккан.

Аталган факты боюнча Тажикстандын Кылмыш жана жаза кодексинин 108-беренеси (Этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголду.

Натрий нитраты — сыртынан караганда кадимки тамак-аш тузуна окшош. Бирок аны жер семиртүүгө колдонушат. Адам аны көбүрөөк өлчөмдө пайдаланса, ууланууга алып келет.