Көчмөндөр оюндарынын логотибинин маанисин уюштуруучулар түшүндүрүп беришти

Декабрдын орто ченинде премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты баштоону тапшырган
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары эмне себептен анын логотибинде үч бурчтуктар көп экенин түшүндүрүштү.

Логотип III Всемирных игр кочевников

Декабрдын орто ченинде премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) даярдыкты баштоону тапшырган. Ал эми бир аз күн мурда мелдештин логотиби көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришкендей, үч бурчтуктар көчмөн элдерде күчтү, биримдикти, Кудайга жакындыкты жана анын колдоосун түшүндүрөт.

"Кыргыздар көчмөн элдердин бир бөлүгү катары көккө тайынып, үч бурчтукту тумар катары пайдаланышат. Логотиптеги үч бурчтуктардын бир сабы өзүнчө бир идеяны алып жүрөт", — деп түшүндүрдү уюштуруучулар.

Көз жоосун алат! Көчмөндөр оюну тууралуу кереметтүү ролик
Ошондой эле жаратылыш көчмөн калктын жашоосунун маңызы болгондуктан, анын стихиялары көчмөндөр маданиятынын ажырагыс атрибутикасы болуп калган.

Мисалы, тоонун сүрөтү түшүрүлгөн тумарлар тоолордун курчоосун түшүндүрөт. Ал эми кыргыз маданиятында адамды туюндурган белги түшүрүлгөн үч бурчтуктарды каада-салтты сактаган эл деп билсе болору кошумчаланды.