Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Синоптиктер алдыдагы бир жумада аба ырайы кандай болорун билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызгидрометр 5-январдан 11-январга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

Январда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Ага ылайык, 5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарга кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге чейин жетет.

6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерине кар түшөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерине кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

8-9-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

10-январда жана 11-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-январда күндүз кээ бир райондордо бир аз кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.