Кыргызстан туризм боюнча түзүлгөн рейтингде алдыңкы 5 өлкөнүн ичине кирди

Борбор Азия мамлекеттеринен рейтингге Кыргызстандан башка Тажикстан менен Өзбекстан дагы кирген
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Британиянын жөө туристтер коому түзгөн рейтинг боюнча Кыргызстан 2018-жылда активдүү эс ала турчу алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирди.

The Calvert Journal Ош — Хорог трассасын ажайып 5 жолдун катарына киргизген
Иликтөөнүн мындай жыйынтыгы коомдун Facebook баракчасына жарыяланган.

Рейтингде жалпысынан 20 мамлекет болсо, Кыргызстан бешинчи орунга татыган. Борбор Азия мамлекеттеринен рейтингге Кыргызстандан башка Тажикстан (7-орун) менен Өзбекстан (19-орун) кирген.

Биринчи орунга Пакистан чыкса, экинчи орунда Россия жана үчүнчүдө Индия турат.

British Backpacker Society — эл аралык туристтик коом болуп эсептелет. Ал анча белгилүү болбогон мамлекеттерди башкаларга тааныштырууну максат кылат.