Эмгек мигранттары өлкөнүн кайсы облусуна көп акча которот. Рейтинг

Айрым аймактардын ар бир тургунуна чет жактан ай сайын 800 сомго чейин акча которулса, кээ бир облустар эмгек мигранттардын жардамына муктаж эмес экен.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттар өлкөнүн кайсы облусуна көп акча котор турганын Улуттук статистикалык комитет аныктап чыкты.

Мекеменин маалыматына ылайык, чет өлкөдөн эмгек мигранттары эң көп акчаны Баткен облусуна которот. Аталган аймактын ар бир тургунуна мигранттар ай сайын 781 сомдон жөнөтүп турат.

Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Экинчи орунга Ош облусу илинип, бул аймактын ар бир тургунуна 459 сомдон акча түшүп турары белгилүү болду.

Үчилтикти Жалал-Абад облусу жыйынтыктайт. Бул аймактын ар бир тургунуна 361 сомдон акча жөнөтүлүп турат.

Оштун орто статистикалык тургуну айына 165 сомдон алып турат. Ысык-Көлдө бул сумма 44 сомду түзсө, Чүйдө 35 сом деп эсептелген. Нарын облусунун жашоочулары эмгек мигранттары жөнөткөн акчадан 4 сомдон алат. Ал эми Талас облусу менен Бишкек шаары эмгек мигранттары жөнөткөн каражатка көз каранды эмес экендиги белгилүү болду.