Бишкекте самбо боюнча ири мелдеш өтөт

Эл аралык федерациянын календарына ылайык, быйыл 32 ири мелдеш өткөрүү пландалууда
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкекте февраль айында самбо боюнча ири мелдеш өтөт. Бул тууралуу Самбо боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалат.

Кыргыз спорту бул жылы эмнеси менен эсте калды
Аталган федерация быйыл боло турчу ири мелдештердин календарын жарыялады. Ага ылайык, жалпысынан 32 чоң турнир пландалган. 

Анын ичинде түрдүү жаш категориясы боюнча дүйнө чемпионаты, континенталдык мелдеш жана бир катар эл аралык турнирлер бар.

Бишкек шаарында 23-24-февралда салтка айланган Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган эркектер арасында мелдеш өтөт (В категориясы).