Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болду

Эл өкүлүнүн артында тогуз баласы калды. Учурда анын сөөгүн кичи мекенине алып чыгып кетишти
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болду. Маалыматты аталган фракциянын лидери Алмазбек Батырбеков тастыктады. 

"Кесиптешибиз түндө көз жумуптур. Жакындары жүрөгү кармаганын айтышты. Мурда жүрөгү же дагы башка жерлеринин ооруганы тууралуу айтчу эмес. Баарыбызга күтүүсүз болду. Азыр сөөгүн кичи мекени Алайга алып кетип баратышат", — деди Батырбеков. 

Маркумдун сөөгү эртең, туулган жери 3-январда Алай районунун Гүлчө айылына коюлары айтылды. 

45 жаштагы депутаттын артында тогуз баласы калды.

2017-жылы көз жумган ажарлуу, таланттуу, кыйын, мыкты атактууларды Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>