Стамбулдагы жардыруулардын жоопкерчилигин күрд радикалдык тобу мойнуна алды

© REUTERS / MURAD SEZERПолиция на месте взрыва в центре Стамбула, Турция. 10 декабря 2016 года
Полиция на месте взрыва в центре Стамбула, Турция. 10 декабря 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардыруудан улам курман болгондордун саны 38ге жетти. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Түркиядагы эки теракттын жоопкерчилигин "Күрдстан эркиндигинин шумкарлары" радикалдык тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу Рейтер агенттигине шилтеме берип, РИА Новости жазып чыкты. 

Стамбулда болгон жардырууда курман болгондорго байланыштуу Атамбаев түрк президентине көңүл айтты

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы теракттан улам Түркия бир күндүк улуттук аза күтүү жарыялады
Акыркы маалыматтарга караганда 10-декабрда болгон жардырууларда 38 адам каза болгон, алардын 30у полиция кызматкерлери болчу. 

Мурдараак Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш терактка Түркияда тыюу салынган "Күрд жумушчу партиясынын" тиешеси жок деп эсептээрин билдирген. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Түркиядагы терактта курман болгон же жабыркаган кыргызстандыктар жок. 

Ал эми жардырууну уюштурган топтун берген маалыматында, алар негизги бута катары түрк элин эсептебегенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0