Москвада айдоочуга анын унаасынын көлөкөсү үчүн айып салынды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жагдайдан кийин автоунаа ээси аталган инспекцияга мунун негизсиз экендигин билдирген арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Москвалык айдоочуга трасса ортосундагы чийилген кош сызыкка айдап бара жаткан жолтандабасынын көлөкөсү түшүп калганы үчүн айып пул салынган. Бул туурасында РИА Новости борбордук радиостанциянын бирине шилтеме кылып билдирген. 

© Фото / drive2.ruМосквалык айдоочуга трасса ортосундагы чийилген кош сызыкка айдап бара жаткан жолтандабасынын көлөкөсү түшүп калганы үчүн айып пул салынган
Фото снимок с камеры ГИБДД - Sputnik Кыргызстан
Москвалык айдоочуга трасса ортосундагы чийилген кош сызыкка айдап бара жаткан жолтандабасынын көлөкөсү түшүп калганы үчүн айып пул салынган

Айдоочунун жол эрежесин бузгандыгы туурасындагы билдирмеде 25-августта ал Москва шаарындагы Липецкая көчөсүндө кетип бара жатып жасагандыгы айтылган.

Видеокаттоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Бишкектин жака-белине видеокаттоо камераларын орнотууну сунуштады
Буга таңгалган айдоочу тартылып алынган сүрөттү Интернетке жайгаштырган. Анда трасса ортосундагы чийилген кош сызыкка жакын кетип бара жаткан жолтандабастын көлөкөсүн, кесип өтүүгө тыюу салынган чийимдин жарымына чейин автоунаа эмес, анын көлөкөсү чыгып кеткендигин көрүүгө болот. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн видеокамера аны тартып калып, ал эми Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик автоинспекция айдоочуга айып пул төлөө кагазын жөнөткөн. 

Мындай жагдайдан кийин жолтандабастын ээси аталган инспекцияга мунун негизсиз экендигин билдирген арыз менен кайрылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0