Италиядагы жер титирөө эки шаарды кыйратты, каза болгондор көбөйүүдө

© REUTERS / Remo Casilli Катуу жер титирөөнүн очогунан эки чакырым алыстыкта жайгашкан Италиянын Аккумоли шаары
Катуу жер титирөөнүн очогунан эки чакырым алыстыкта жайгашкан Италиянын Аккумоли шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган табигый кырсыктан жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Катуу жер титирөөнүн очогунан эки чакырым алыстыкта жайгашкан Италиянын Аккумоли шаары жарым-жартылай кыйрап калгандыгы тууралуу шаар мэри Стефано Петруччи журналисттерге телефон аркылуу билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка караганда шаарда жашаган 700гө чукул жарандын көпчүлүгү уранды алдында калышкан. 

Буга чейин Италиянын үч миң калкы бар Аматриче шаарынын мэри Серджио Пироццо дагы жер титирөөнүн айынан шаар талкаланганын билдирген. 

Непалдагы жер титирөөнүн кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сейсмологдор Азия өлкөлөрүндө ири жер титирөө болорун эскертүүдө
Акыркы маалыматтар боюнча борбордук Италиядагы жер силкинүүнүн айынан 24 адам көз жумганы белгилүү болду. Бирок жан таслим болгондордун анык саны кыйла жогору экени айтылууда. Жүздөн ашык адамдын дайыны белгисиз. 

Магнитудасы 6,0гө жеткен биринчи жер титирөө саат 3.36да Аккумоли шаарына жакын жерде катталган. Магнитудасы 5,4кө жеткен экинчи силкинүү саат 4.34 чамасында Умбрия облусунда болгон. 

Табигый кырсыктын айынан Аккумоли жана Аматриче шаарларынан сырткары Лацио, Умбрия жана Марке облустарында дагы кыйроолор болгон. Өлкө бийлиги жашоочуларды жабыркагандар үчүн кан тапшырууга чакырды.

Россия менен Германия биринчилерден болуп Италияга жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Кыргызстандын Тышкы иштери министрлигинин маалымат кызматы жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогу такталып жатканын билдирди. Министрликтин маалымат департаментинин биринчи катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, аталган маселени аныктоо КРдин Швейцариядагы элчилигине тапшырылды.

"Италияда дипломатиялык өкүлчүлүк жок болгондуктан, бул маселени тактоо иши Швейцариядагы элчиликке жүктөлдү", — деди ал. 

Жер титирөөнүн себептери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0