Окумуштуулар: балык майы инфаркт оорусунун алдын алат

© Sputnik / Александр Пирагис / Медиабанкка өтүүБалык сатуу. Архив
Балык сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөлөргө 16 өлкөдөн 46 миң адам катышкан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Балык майы инфаркт оорусунан сактайт. Бул тууралуу РИА Новости JAMA Internal Medicine басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 

АКШнын Тафтса университетинин профессору Лиана дель Гоббонун айтымында, изилдөөлөр адамдын кары-жашына карабай жүргүзүлүп, ага 16 өлкөдөн 46 миң адам катышкан.

"Балык майы жүрөктүн согушун жакшыртып, инфракт илдетинин алдын алууга жардам берет", — деп жазылат маалыматта.

Гоббо буга чейин Гарвард университетинин окумуштуусу Дариуша Мозаффарян баштаган топ менен биргеликте балык менен гана тамактангандарды иликтөөгө алышып, башкаларга караганда көп жашай турганын аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0