Японияда токойго ташталган бала бир жумадан кийин табылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТокой. Архив
Токой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-эне баласынын тартипсиздиги үчүн аны унаадан түшүрүп, жарым чакырымга узап кетишкен. Жол аюу менен жапайы айбанаттары бар токойдун ортосунда болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бир жума мурда токойдо калып калган жети жашар бала табылды. Ал тирүү жана ден соолугуна залака тийген эмес. Бул тууралуу Киодо агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Санкт-Петербург шаарында эки КР жараны жол кырсыгына кабылды, абалы оор
Жети күн мурда баланын ата-энеси аны тартипке салуу үчүн унаадан түшүрүп коюну чечишкен. Жол аюу менен жапайы айбанаттары бар токойдун ортосунан өткөн. 

Ата-эненин айтымында, алар болгону жарым чакырым жерге узап кетишкен. Бирок кайра кайтып келишкенде баланы таппай калышкан. Издөө иштерине куткаруучулар, тик учактар жана армия тартылган. 

Натыйжада бала унаа жолунан 5,5 чакырым алыстыкта жайгашкан Комагатакэ полигонунан табылган. Ал коргоо кызматкерлери үчүн салынган үйдө жашап жүргөнү белгилүү болду.

"Баланын дени сак, ал өз ысымын Ямато Таноока деп атай алды", — деп айтылат маалыматта.

Бала тик учак аркылуу ооруканага жеткирилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0