Санкт-Петербург шаарында эки КР жараны жол кырсыгына кабылды, абалы оор

© Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки автоунаа Киров районунда кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча кыргызстандык жаран айдап бараткан автоунаа жолдо токтоп турган машинаны сүзгөн.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандын эки жараны Санкт-Петербург шаарында жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жеткирилгенин элчиликтин Питердеги бөлүмү билдирди.

Жергиликтүү милициянын маалыматы боюнча 34 жаштагы КР жараны токтоп турган машинаны сүзгөн. Айдоочу менен жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы тууралуу маалыматтар топтолуп тийиштүү жактарга берилген.

КРдин элчилиги жол кырсыгы боюнча окуяны өзүнүн көзөмөлүнө алып, толук маалымат алуу үчүн расмий түрдө кат жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0