00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тегеран менен Эр-Рияд ажылык боюнча бир пикирге келе албай турушат

© REUTERS / AHMAD MASOODЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы ажылык учурунда Мина өрөөнүндө 464 ирандык зыяратчы каза болгон.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Иран менен Сауд Аравиясынын сүйлөшүүлөрүнүн "экинчи этабында" аталган өлкөлөр ажылык боюнча бир пикирге келе албай койду. Бул туурасында Ирандын Ажылык иштер менен зыяратчыларды уюштуруу боюнча уюмдун башчысы Саид Оухади айтканын РИА Новости маалымдады.

Буга чейин Эр-Рияд ирандыктардын ажыга келүү боюнча Тегерандын коопсуздук жаатындагы сунуштарына макул болбой койгондугу айтылган. Былтыркы ажылык учурунда Мина өрөөнүндө 464 ирандык зыяратчы каза болгон. 

Ажылыктагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл ажыга баруу үчүн 4733 жаран катталды
Иран делегациясы Сауд Аравия бийлигинин чакыруусу менен Жидда шаарына келип, сүйлөшүүлөрдүн ажылык боюнча биринчи жолугушуусу ийгиликсиз болуп калгандан кийин, сүйлөшүүнүн "экинчи этабын" өткөрүшкөн. 

Оухади бул сүйлөшүүлөр "ажыга баруу (Иран жарандары үчүн — ред.) боюнча жасалган акыркы аракет" болорун айткан. Басылмалар эгерде экинчи жолу болгон сүйлөшүүлөр майнап бербесе, Иран өзүнүн жарандары үчүн ажылыкка барууга тыюу саларын жазган.

Оухади IRNA агенттигине эки тарап документте жазылган 11 пункттун ичинен бешөө боюнча бир пикирге келе албай жатышкандыгын билдирди. 

Ал маселени чечүүгө акыркы аракет бүгүн болорун айтты. 

2015-жылдын 24-сентябрында Курман айт күнү Мина өрөөнүндө чоң шайтанга таш ыргытуу амалдары учурунда зыяратчылар, анын ичинде Иран жарандары да тепсендиде калган. Акыркы маалыматтар боюнча 2200 киши курман болгон. Сауд басылмалары муну "акыркы 25 жыл ичиндеги эң кандуу ажылык" деп атаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0