Германиянын ТИМи Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнүн атоодо адашты

© AFP / JOHANNES EISELEГерманиянын ТИМ имараты. Архив
Германиянын ТИМ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактагы баракчасына Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган датасы туура эмес көрсөтүлгөн билдирүү жайгаштырды.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Германиянын тышкы иштер министрлиги Twitter баракчасына 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү деп жазылган билдирүүнү жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Эстония агенттиги кабарлайт. 

"8-май күнү, 71 жыл мурда Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган. Анда Европа талкаланган", — деп жазылат министр Франк Вальтер Штайнмайердин атынан жазылган билдирүүдө.

Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөн күнү катары 1945-жылдын 2-сентябры эсептелет. Анда Япон өлкөсүнүн капитуляция актына кол коюлган. 

Фашисттик Германиянын жеңилген күнүн АКШ көп деле майрамдабайт. Ал эми Россияда 9-май Улуу Жеңиш күнү катары майрамдалып келет. Анткен менен көпчүлүк америкалыктар фашисттик Германиянын алар женген деген ойдо, деп жазат Washington Post басылмасы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0