Японияда 7 баллдык жер титирөө болуп, 9 киши каза болду

© REUTERS / KYODOЯпониянын түштүк-батыш жагында жайгашкан Кюсю аралында 7 баллдык жер титирөөнүн кесепети.
Япониянын түштүк-батыш жагында жайгашкан Кюсю аралында 7 баллдык жер титирөөнүн кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зилзаланын кесепетинен ондогон имарат кыйрап, шилендинин алдында адамдар калган. Айрым жерде өрт токтобогондуктан газ жабдуулары жана электр жарыгы өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Япониянын түштүк-батыш жагында жайгашкан Кюсю аралында 7 баллдык жер титирөө болуп, андан тогуз киши мерт кетип, 400дөй адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 14-апрель күнү саат 16.11де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кумамото шаарында жайгашкан. Зилзаланын кесепетинен ондогон имарат кыйрап, шилендинин алдында адамдар калган. Айрым жерде өрт токтобогондуктан газ жабдуулары жана электр жарыгы өчүрүлгөн. 

© REUTERS / KYODOПоследствия землетрясения в префектуре Кумамото, Япония
Последствия землетрясения в префектуре Кумамото, Япония - Sputnik Кыргызстан
Последствия землетрясения в префектуре Кумамото, Япония

"Курман болгон адамдардын саны тогузга жетип, дагы 400дөй адам госпиталга жаткырылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кумамото шаарынан 23 миңден ашык адам эвакуацияланган. Алар азыркы убакта мектептерге жана башка коомдук жайларга жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0