Путин Европага кирбей калышы мүмкүн

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентарийлер "Савченконун тизмесин" жарыялады. Ага Россиянын президентинен тышкары дагы 28 адам кошулду. Саясатчылар бул адамдарды Евробиримдиктин аймагына киргизбей, активдерин тоңдуруп, ал эми мүлктөрүн алып коюу керек дешүүдө.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Евробиримдиктин депутаттары европалык дипломатиянын башчысы Федерико Могеринини Надежда Савченконун иши боюнча РФ президенти Владимир Путин жана дагы 28 адамга карата жеке санкцияларды киргизүүгө чакырды. 

57 депутаттын колу коюлган катта "Савченкону уурдоо боюнча саясий чечимге жана аны Россия аймагына алып барып, мыйзамсыз кармап турууга, жасалма күнөөлөрдү такканга жоопкер" деген адамдарды тизмелеп чыгышкан. Саясатчылардын пикиринде санкцияга "бул иштерди Россияда мыйзамдаштырып, дүйнөлүк коомчулукка көрсөткөндөр" да алынышы керек.

Сириянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Европа лидерлери Путинден Сирия бийлигине таасир этүүсүн суранууда
Тизмеге Путинден сырткары Россиянын ФСБсынын башчысы Александр Бортников, Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Алексей Пушков, Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин, Луганск элдик республикасы деп өздөрүн атап алган аймактын лидери Игорь Плотницкий жана бир катар тергөөчүлөр, соттор, дагы башка адамдар кирген. Кайрылуу депутат Яцек Сариуш-Вольский Twitter социалдык тармсагына жарыяланган.

Саясатчылар тизмеге кирген бул адамдарды Евробиримдиктин аймагына киргизбей, активдерин тоңдуруп, ал эми мүлктөрүн алып коюу керек деп эсептешет.

Россиялык тергөөчүлөр украиналык аскер кызматчысы Надежда Савченкого россиялык журналисттердин өлүмүнө себепкер деген айыпты таккан. Алардын пикиринде Украианын куралдуу күчтөрүнүн артилериялык огунан алардын курман болушуна Савченконун тиешеси бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0