Түркия президенти Парижде Путин менен жолугууну ниет кылууда

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россия башчысы Владимир Путин. Архив
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россия башчысы Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режеп Тайип Эрдоган азырынча сунушуна жооп ала электигин белгиледи.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Россия башчысы Владимир Путинге 30-ноябрь күнү Парижде жолугуп сүйлөшүүнү сунуштады.

Бул күнү Парижде климатка арналган эл аралык конференция башталмакчы. Ага Елисей сарайынан берилген маалыматка ылайык, 138 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышат. Путин конференциянын ачылышында сүйлөй турганын анын жардамчысы Юрий Ушаков маалымдаган.

"Мен Россия президенти менен жолугушууну сунуштадым, азырынча жооп ала элекмин", — деп билдирди Эрдоган бейшемби күнү France 24 телеканалына маек берип жатып.

ЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖККУ: Су-24 учагынын атып түшүрүлүшү - эл аралык укуктарды одоно бузгандык
Буга чейин Россия жетекчисинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Парижде боло турган саммитте Путин менен Эрдогандын жолугушуусу пландалбаганын белгилеген.

Россия менен Түркиянын ортосундагы мамилеге шейшемби күнү Сирияда россиялык Су-24 учагынын кыйрашынан кийин доо кеткен. Россия президенти Владимир Путин учакты Түркиянын F-16 ракетасы менен атып түшүргөнүн, учак Сирия менен Түркиянын чек арасынан төрт чакырым алыстыкта жерге түшкөнүн билдирген. Мындай аракетти Путин террористтерди колдоочулардын "аркага сайылган бычагы" деп баалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0