БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Американын Фергюсон аймагында нааразылык толкуну кайра башталды, бирок башаламандыктар катталган жок деп билдирет окуя болгон жерден РИА Новостинин кабарчысы. Кечээ элдик сотчулар август айында кара түстүү улан Майкл Браунду аткан ак түстүү полиция кызматкери Даррен Уилсонду жоопкерчиликтен бошоткон.
Шейшемби күнү кечинде Фергюсондун полиция бөлүмүнүн жанында Улуттук гвардиянын жоокерлери күзөттө турушту, бирок абал тынч болду. Наарзылык билдирүүлөр да эч тынч өтүп, ураан-чакырыктар угулган жок. Андан соң полиция алардан унаа өтчү жолдон аларды сүрүп бошотуп, алдыга жылды.
Сент-Луистин борбору адаттагыга окшобой, ээн, көчөлөрдө киши жок, жолдордо унаалар да аз.
Миссури штатынын бийлиги буга чейин Фергюсондо коопсуздукту камсыздоого жергиликтүү полицияга кошумча Улуттук гвардиянын 2,2 миң жоокери катышарын билдирген эле.