02:14 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Дүйнөдө

Путин Абхазияга беш миллиард рубль бериле турганын айтты

Кыскача шилтеме алуу
22 0 0
(1:05 / 6.97Mb / )
© Sputnik.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Абхазия менен биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимди ишке ашыруу үчүн 5 миллиард рубль бөлүнө турганын айтты. Бул келишимге дүйшөмбү күнү Абхазиянын президенти Рауль Хаджимба менен кол коюлган.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Россия Федерациясы менен Абхазиянын башчылары биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол койду. Россиянын президенти Владимир Путин белгилегендей, россиянын Абхазияга көрсөткөн жардамы былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге өсөт. 2009-2013-жылдары Абхазияга жардам катары берилген россиялык бюджеттик инвестиция 11 миллиард долларды түзгөн.

"Жаңы тапшырмалар, узак мөөнөттүү ориентирлер коюлду. Алар олуттуу каржылоого алынат. 2015-жылы келишимди ишке ашыруу максатында Абхазияга беш миллиард рубль бөлүү каралууда", — деди Путин.

Келишимге ылайык, бирдиктүү коргонуу жана коопсуздук аймагын түзүү, ички иштер органдарын координациялоо борборун куруу каралган. Ошондой эле, Абхазиянын социалдык стандарттарын көтөрүү жана билим берүү, саламаттык сактоо жаатында эмгектенгендердин айлыгын этап менен россиялык деңгээлге чыгаруу кепилденген.

Белгилер:
Абхазия, Владимир Путин, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ