Эстеликти айланта соода кылгандар. Ардегерлер менен сатуучулардын нааразычылыгы

Жазылуу
Сузак районунун борборунда жайгашкан базарга жумасына бир жолу соодагерлер келип соода кылышат. Анын айынан жол тыгыны пайда болуп жаткандыктан жергиликтүү бийлик ага тыюу салууну чечкен.

Сузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу "Достук" эс алуу багынын аймагына көчүрүлгөн

ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Аламүдүн базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынды
. Маалыматка ылайык, аталган эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында курман болгондорго арналып эстеликтер орнотулган. 

Сатуучулар бул жерге товар жүктөлгөн унаалары менен кирип алгандыктан буга ардагерлер гана эмес, сатуучулар дагы нааразычылыгын билдирип жатышат.

Баткен окуясынын катышуучуларынын Сузак районундагы төрагасы Аскар Рамазанов эс алуу багына коюлган эстеликтер тебелеп-тепселенип жатканын айтты.

"Бул жерге Ата Мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында каза болгондор үчүн эстелик тургузулган. Эми бул жакта ошолорду тебелеп-тепсеп жатышат. Ушуга уруксат берген чоңдорубузду түшүнгөн жокмун", — деп Рамазанов нааразычылыгын билдирди.

Ал эми сатуучу Азимбек Неманкулов алар үчүн базардын эски орду ыңгайлуу экенин айтып, айласыздан бул жакка келип соода кылып жатканын айтты.

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбек Сариев соодагерлер келип алгандыктан убактылуу болсо да "Достук" паркы тараптан соода-сатыгын жасап алсын деп уруксат бергенин айтты. 

"Эски базарда бешинчи күн сайын соода болгондуктан машиналар эч бир тарапка өтө албай туруп калчу. Жада калса аянтка чейин чыгып алышты. Баш аламан соода кылууга тыюу салуу боюнча айылдык кеңештин дагы чечими чыккан. Азыр ошонун негизинде тартипке салып жатабыз", — деди ал.

Сариев ошондой эле келерки жумадан баштап "Достук" паркы жакка дагы соода кылууга уруксат берилбей турганын айтты. Сузак районунун аймагында мынча көп кишинин соода кылуусу үчүн жай жок экенин кошумчалап, жума күнү боло турган жайма базарга тыюу салынып жатканын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0