Мас аялды өлтүрүп, талаага таштап кеткен таксист кармалды

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиЖүргүнчү мас аялды өлтүрүп, талаага таштап кеткен деген шек менен кармалаг жаран
Жүргүнчү мас аялды өлтүрүп, талаага таштап кеткен деген шек менен кармалаг жаран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектелген жарандын айтымында кыз экөө мас абалында жыныстык катнашка барып, бир аз убакыттан кийин кыз атайылап жаңжал чыгарган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 27-ноябрь күнү Сузак районунун Курманбек айыл округунда 26 жаштагы аялдын кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылган. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

"Өздүгү аныкталбаган аял киши жашыл түстөгү кыска күрмө, боз түстөгү футболка, кара спорттук шым жана кыска бут кийим кийип жүргөн. Күрмөсүнүн чөнтөгүндө кол телефону, тамекиси бар экен. Мындан сырткары, сөөктүн айланасынан унаа жуучу кайыш чүпүрөк табылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, ал Майлуу-Суу шаарынын 26 жаштагы А.Д. аттуу тургуну экендиги аныкталды",—делет билдирүүдө.

Таксистти өлтүрдү деп шектелген жаран окуя кандай болгонун айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Таксистти өлтүрдү деп шектелген жаран окуя кандай болгонун айтып берди
Бул кылмышка жергиликтүү таксисттин катыштыгы бар экендиги аныкталып, окуядан бир күн өтпөй түнкү саат 04:00дө Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунун тургуну 27 жаштагы И.А. кармалды.

Кармалган жарандын айтуусунда ал Жалал-Абад шаарындагы такси тейлөө кызматында таксист болуп иштейт. 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү колундагы сумкасында бир бөтөлкө арак, бир бөтөлкө суусундугу бар мас кыз "Спутник" шаарчасына жеткирип коюусун суранган. Айткан жерине жеткенден кийин андан ары Көк-Арт кичи шаарчасына жеткирүүнү талап кылган. Ошентип экөө сүйлөшө кетип, кыздын сумкасындагы аракты унаанын ичинде бирге ичишип, кийин айдоочу дагы арак сатып келген.

Кылмышка шектелүүчүнүн айтымында кыз экөө мас абалында жыныстык катнашка барып, бир аз убакыттан кийин кыз атайылап жаңжал чыгарган.

"Ал чатак чыгарып, кыйкыра баштаганда бетине бир урсам, жыгылып кетти. Бир нече жолу башына тепкилегенде башы жарылган. Ошентип эс учун жоготкон соң унаанын артына салып, кылмышты жашыруу үчүн сөөктү шаардын чет тарабындагы ээн талаага алып барып таштап, качып кеткем",—деп кылмышка шектелүүчү көрсөтмө берген. 

Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Учурда бул окуя боюнча КРдин Кылмыш, жаза кодексинин 97-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0