Эскерте кетсек, аталган тасма "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине "Чет тилдеги мыкты тасма" номинация менен киргизилген. Мындан сырткары "Алтын глобуска" да ат салышуу ниетинде турат.
Анткен менен Ника Жолдошеванын айтымында, картинанын жеңишке болгон мүмкүнчүлүгүн төмөндөткөн көйгөйлөр пайда болду.
"Учурда тасманы "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктары үчүн ат салышуу үчүн алып барууга аракеттенип жатабыз. Бирок биздин топ виза алалбай жатат. Бул ишти кыйла кыйындатууда. Кыргызстанда туруп алып, башка өлкөдө картинаны алдыга жылдырууга мүмкүн эмес. Биз бул маселени чече ала турган тараптардан көмөк көрсөтүүнү суранабыз", — деди Жолдошева.
Продюсер АКШга бир катар кесиптештери кеткендигин, бирок алар "жетишсиз" экендигин айтты.
"Ал жакта тасманы кантип тарткандыгын айтып берген режиссерлор, андан сырткары аны жарнама кылып, басылмаларда маек уюштуруп, коомчулукка тарата турган продюсерлер пиар иштерин жасашы керек эле", — деп кошумчалады ал.
Эки саатка чукул созулган толук метраждуу "Ата керээзи" тасмасы "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылып, башкы ролдордо Ыйманберди Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон.
Картинанын дүйнөлүк премьерасы 31-августта Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалга катышып, баш байге — "Алтын зенитке" ээ болгон.