Көк бөрү: ат майданды түп көтөргөн сүрөөн, үстөккө-босток тай казанга ыргытылган улак

Жазылуу
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрүнүн финалында Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары күч сынашты. Кыргызстандык улакчылар атаандашын 15:3 эсебинде утушту.

Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Кан кызыткан көк бөрү: чаң ызгыткан тулпарлар, намыска бек жигиттер
Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешип, кыргызстандык улакчылар оюн талаасында өздөрүн мыкты даярдыкта экенин оюндун башында эле көргөзүштү.

Биринчи тайм 7:1 эсебинде аяктаса, экинчи тайм 10:3 эсебинде бүттү. Ал эми чечүүчү таймда кыргызстандыктар катары менен беш улакты тай казанга таштап, ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.

3-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0