Шамдагайлык жана алгырлык: Кырчындагы ылдам боз үй тигүү сынагына 33 команда катышты

Жазылуу
Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан конкурста Ысык-Ата командасы атаандаштарын артка калтырды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында боз үй тигүү боюнча сынак өтүп, анда Ысык-Ата командасы дүйнөлүк рекорд жаратты. Аталган командадагы алты жигит боз үйдү 10 мүнөт 16 секундда тигишти.

Көк-бөрү катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи орунга чыккан Кыргызстан жана дүйнөлүк рекорд: көчмөндөрдүн үчүнчү күнү жыйынтыкталды
Сынака жети облустун жана Бишек, Ош шаарларынан келген 33 команда катышты. Ар бир командада алтыдан киши болду.

Конкурстун байге фондусчу 150 миң сомду түзүп, анын жүрүшүн 17 адамдан турган калыстар тобу байкап турушту.

Эске сала кетсек, буга чейинки Көчмөндөр оюндарында өткөн боз үй тигүү боюнча сынакта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң району 17 мүнөттө тапшырманы аткарып, биринчиликти багындырган. Ал эми 2015-жылы "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалындагы рекорд 14 мүнөт 10 секунд болуп саналат.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0