Бишкектик уста алгачкы жолу кыргыздардын байыркы жаасын жасады

Жазылуу
Байыркы көчмөндөрдүн ыкмасы менен жасалган жаага аркардын мүйүзү, жылкынын тарамышы жана жыгач колдонулган.

Кыргызстанда алгачкы ирет байыркы ыкма менен кыргыз жаасы жасалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жаачы Самат Сүйөркулов билдирди. 

Ал бала кезден бери эле кыялданып келген тилеги орундалганын кошумчалады.

"Бала кезден эле ата-бабаларыбыз колдонгон жаадан аткым келчү. Анан үч жыл мурун баш-отум менен байкыркы жаа жасоого кириштим. Биринчи жаам сынып калып, аны музейге бердим. Экинчи аракетим ийгиликтүү болуп, буюрса даяр болуп калды. Буга эки жыл убактым кетти", — деди Сүйөркулов.

Белгилей кетсек, ал Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча Кыргызстандын курамасына кирген. 

"Мен Көчмөндөр оюндарына өзүмдүн жаам менен катышам. Бул жааны баарына даңазалоо менен башкаларды да үйрөткүм келет", — деди Сүйөркулов. 

Жаачылардын чемпионатынын катышуучусу. - Sputnik Кыргызстан
Көзгө атар кыраандар — Кыргызстанда жаачылардын чемпионаты өттү
Самат мырза байыркы кыргыз жаасын жасоо үчүн аркардын мүйүзүн, аттын тарамышын, кайың жана сары талды колдонгон. 

Сүйөркулов Көчмөндөр оюндарынан кийин "Салбурун" федерациясынын директору Алмаз Акунов менен биргеликте жаа жасоо боюнча мектеп ачууну пландап жатканын айтты. 

Байыркы кыргыз жаасы ылдамдыгы менен тарых беттеринде жазылып калган. Анын жебеси 400-550 метрге чейин учат. Узак аралыкка жаа атуу боюнча тарыхта түрк султаны Селим III жазылган. Ал жебени 889 метрге чейин аткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0