Фучик көчөсүндөгү жаңы тосмолордун артында эмне бар?

Жазылуу
Бишкек мэриясы 16-17-сентябрда өтө турган КМШ саммитине борборду даярдап жатат.

Бишкек мэриясы "Манас" аэропорту тараптан борборго кирген жолго кооздолгон тосмолорду орнотууда. Дарбазалар Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин бойлой тургузулду. 

Бишкектеги Ала-Тоо аянты - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянты өзгөчө көрккө бөлөнөт
Шаардын бийлиги КМШ президенттеринин саммитине ушундайча даярдык көрүп жатат. Жыйын Бишкекте 16-17-сентябрь аралыгында өтөт. 

Тосмонун жалпы узундугу 7 миң 116 метрди түзөт. Ал 20 миллион 740 сомго бааланган. 

Тендерди "Антенор", "Жумгал Суу Курулуш" жана "АлЭрУн Групп" ишканалары уткан. 

Дарбазаларды орнотуудан тышкары борбордун көчөлөрү иретке келтирилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0