«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20160810/1028477646.html
Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам
Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам
Sputnik Кыргызстан
Иззаттай балбанды бул дүйнөгө кайсыл эне алып келгендиги баарына эле кызык болсо керек. Анан да күчтүү эркектин артында сөзсүз түрдө эстүү келинчеги турат... 10.08.2016, Sputnik Кыргызстан
кыргызстан, коом, жаңылыктар, новости, рио2016, риодогу олимпиадада коло медаль тагынган иззат артыков, иззат артыков, олимпиадалык оюндар, рио — 2016, спорт
кыргызстан, коом, жаңылыктар, новости, рио2016, риодогу олимпиадада коло медаль тагынган иззат артыков, иззат артыков, олимпиадалык оюндар, рио — 2016, спорт
Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам
Иззаттай балбанды бул дүйнөгө кайсыл эне алып келгендиги баарына эле кызык болсо керек. Анан да күчтүү эркектин артында сөзсүз түрдө эстүү келинчеги турат эмеспи. Sputnik Кыргызстан агенттиги Риодо коло медаль тагынган Иззат Артыковдун апасы жана келинчеги менен маектешти.
Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Риодогу Олимпиадада коло медаль тагынган Иззат Артыковдун апасы Малика Касымова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен баарлашып, кубанычы менен тең бөлүштү.
Балбандын апасын жумушта болгондугуна карабай кепке тарттык. Малика Касымова Москва шаарындагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштейт.
"Изаттын жарышка чыкканын өзүм көрбөй калдым. Коло тагынганын угаарым менен ыйлап жибердим. Көп жылдык мээнеттин акыбети кайтып отурат. Азыркыга дейре титиреп, толкундоом кетпей жатат", — деди Касымова.
Апасы Иззатты 2-классында спортко өзү жетелеп барганын кошумчалады.
"Ушул баладан чемпион чыгаарын сезип, кичинекей кезинде оор атлетикага алып баргам. Тырышчаактыгынын аркасы менен көп жыл машыкты. Бала кезинде тентек, абдан шок жигит эле. Жеңиш бир гана биздики эмес, бүткүл кыргыз элиники. Албетте жалпы журтка, өзгөчө машыктыруучуларына терең ыраазычылык билдирем", — деди апасы.
Ал ортодо Иззаттын кош бойлуу келинчеги Айгерим Замирбекова менен да баарлаштык.
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков
Иззаттын жубайынын айтымында, спортчунун жеңишин туугандары менен чогуу отуруп көрүшкөн.
"Иззаттын күч сынашканын туугандар менен чогуу көрдүк. Ичимден жеңип чыгаарына ишенип тургам. Утту деген кабарды угаарым менен ыйлап жибердим. Ал ортодо күйөө балам "жеңе, төрөп койбоңуз эми" деп тамашалап отурду", — деди Замирбекова.
Ал Иззат үйлөнөөрү менен машыгууларга кеткенин кошумчалады.
"Жаңы баш кошоорубуз менен эле машыгууларга жөнөп кетти. Мен бул көрүнүштү түшүнүү менен кабыл алдым. Буюрса мээнети кайтып, медаль тагынып отурат", — деди келинчеги.
Замирбекова Иззатты аэропорттон өзгөчө тосуп аларын билдирди.
"Буюрса жолдошумду аэропорттон жакшы көргөн манты тамагы менен тосуп алам. Ал майлуу тамактарды жакшы көрөт ", — деди ал.
Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Риодогу Олимпиадада коло медаль тагынып, намыска жарады.