Көзөмөлдөө камерасын жардыруулардын бирөөсүн тартып калган. Анда жаракат алган болушу мүмкүн делген жанкечти өзүн жардырган учуру түшүп калган.
Күбөлөр үч жанкечти өзүн жардырар алдында элге карата ок чыгарган.
Стамбулдун аэропортунда болгон терактыны бир катар мамлекеттин башчылары катуу сынга алып, көңүл айтуу телеграммаларын жөнөтүүдө. Алмазбек Атамбаев дагы террордук кол салууну кыргыз эли терең кайгыруу менен кабыл алганын айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилеген.