БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкектин ортосунда өрттөнүп жаткан 12 кабаттуу үйдүн жанына ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев да келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Эске сала кетсек, Панфилов 190 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүп жатат.
Окуя болгон жерди 30га чукул милиция кызматкерлери кучоого алып, жашоочуларды коопсуз аймакка чыгарууда. Тилсиз жоо менен жети өрт өчүрүүчү машина күрөшүүдө. Ошондой эле газ кызматынын өкүлдөрү да кырсык болгон жерге келишкен.
Тилсиз жоодон улам Жибек Жолу проспектиси жана Фрунзе көчөлөрүндө тыгын пайда болду.