БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бир күндө Кыргызстана эки адам сууга чөгүп кетти деп билдирет ӨКМ/
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 29 жаштагы Памир Исмаев чөгүп бара жаткан кызды куткарып, өзү сууга агып кеткен. Кырсык 17-август күнү кечки саат беште болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулардын издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Издөө бүгүн да улантылат.
Ошол эле күнү түштө Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына Мады айылынын тургуну 22 жаштагы Улан Таалайбек уулу чөгүп кеткен. Кечки саат беште куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.