Бейшемби күнү, 16-июлда Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясы менен эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Согушчандарды кармоо учурунда алар куралдуу карышылык көрсөтүп, эки кабаттуу үйгө жашынышкан. Жети согушкер кармалып, төртөө жок кылынган.
УКМКнын маалыматына ылайык, атайын операциянын жыйынтыгында АК үлгүсүндөгү 6 автомат, 1 АКСУ, ПМ жана ТТ үлгүсүндөгү 5 тапанча, көп сандагы граната, ок-дарылар алынган.
Операция учурунда УКМКнын 4 кызматкери түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.