17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреп, Ош облусундагы Кара-Суу менен Алай райондоруна зыян алып келди. Эки күн ичинде 4 баллдан 7 баллга жеткен үч жер титиреген. Жердин силкинүүсүнөн 400гө жакын үй жараксыз абалга келди. Жабыр тарткан калкка өкмөт, жеке ишкерлер жана эл аралык уюмдар жардам берүүдө.