Апрель айынын ортосунан баштап доллардын курсу дароо төмөндөп жатат. Бир нече күндүн ичинде эле анын наркы 3-4 сомго чейин түштү. 20-апрелге карата коммерциялык банктар бир АКШ долларын 59 сомдон сатып алып, 61 сомдон сатууда. Акча алмаштыруу жайлары долларды 59 сомдон алып, 59,6 сомдон сатып жатышат.