Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунду ээледи

© AP Photo / Nam Y. HuhБой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы рейтингде Шевченко Ронда Роузиден (АКШ) кийин экинчи орунда турган. Ал эми жаңыланган рейтингде америкалык мушкер үч позицияга артка жылган.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. UFC версиясы боюнча мушкерлердин жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстанда төрөлгөн Валентина Шевченко биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды. 

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
Ultimate Fighting Championship — бул Түндүк Америка, Европа жана Азияда аралаш эреже боюнча беттештерди өткөргөн уюм. Башкы кеңсеси Лас-Вегаста жайгашкан (АКШ). 

Шевченко узак мөөнөттүү келишимге кол коюп, анын алкагында жети беттеш өткөрөт. 

Мурдагы рейтингде Шевченко Ронда Роузиден (АКШ) кийин экинчи орунда турган. Роузи үч позицияга төмөндөп төртүнчү орунга түштү. Экинчи орунда Шевченконун келечектеги каршылашы Жулиана Пенья турат. Эки спортчу январдын аягында беттешет. 

Үчүнчү орунду америкалык Холли Холм ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0