Мыкты футболчулар менен машыктыруучулар 25-ноябрда аныкталат

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч "Абдыш-Ата" — "Наше пиво". Финал Кубка Кыргызстана
Матч Абдыш-Ата — Наше пиво. Финал Кубка Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-ноябрда күйөрмандар Футбол лигасынын расмий сайты аркылуу жактырган оюнчуларына добуш бере алышат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол лигасы 25-ноябрга карата аяктап бараткан сезондун "Мыктылары" наамына талапкерлер аныкталарын расмий сайтына жарыялады. 

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча улуттук топ Манилада жолдоштук беттешке даярданып жатат
Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги 29-октябрда аяктаган. Учурдун чемпиону "Алай" (Ош) 45 упай топтоп титулун сактап кала алды. Чемпионатка жалпы жети команда катышып, алардын ар бири 18 оюн өткөрүшкөн. 

2-ноябрда Топ-лига жана биринчи лиганын машыктыруучулары менен капитандары арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. 9-ноябрга чейин алар дарбазачы, коргоочу, жарым коргоочу, чабуулчу жана машыктыруучу номинацияларына үчтөн талапкер сунуштайт. Сурамжылоонун натыйжасында ар бир позиция боюнча финалга үч адам чыгат. Ал эми 10-ноябрда күйөрмандар Футбол лигасынын расмий сайты аркылуу добуш бере алышат. Акырында бардык упайлар кошулуп мыктылардын мыктысы тандалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0