КР самбочусу Хорватияда өткөн ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталды

© Фото / Официальный сайт Международной Федерации самбоЧемпионате мира по самбо в Хорватии
Чемпионате мира по самбо в Хорватии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк биринчилик ушул күндөрү Хорватиянын Пореч шаарында өтүп, акыркы беттешүүлөр бүгүнкү күн менен жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык самбочу Талас Бегалиев Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Самбонун эл аралык федерациясынын сайтына жарыяланды. 

Пореч шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк биринчилик 21-октябрда башталып, бүгүн жыйынтыкталат.

Бегалиев 74 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. Финалдык беттешүүдө украиналык спортчуну утуп, дүйнө чемпиону аталды.

Кыргызстандык команданын курамында 9 спортчу ат салышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0