Кыргызстандык жаран Москвада машыгуучу зал ачты

© Фото / пресс-служба посольства КР в России"Айкөл FC" машыгуучу залынын ачылышына келген балбандар
Айкөл FC машыгуучу залынын ачылышына келген балбандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Клуб кыргызстандыктар үчүн машыгуучу зал болуп, күнү-түнү элди кабыл алат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Кубанычбек Осмонбеков Москва шаарында "Айкөл FC" машыгуучу залын ачты. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилиги билдирди. 

Клубду ачуу иш-чарасына Россиядагы кыргыз элчиси Болот Отунбаев катышты. 

Маалыматка ылайык, буга чейин Москвадагы бардык кыргызстандыктар күнүнө 2-3 саатка арендага алынган залдарда машыгып келишкен. 

"Айкөл FC залдын ээси менен 5 жылга келишим түзгөн биринчи клуб болуп калды. Ушул убакыт аралыгында клуб машыгуу үчүн күнү түнү кыргызстандыктарды кабыл алат. Клубдун аракети менен залда ремонт иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө. 

Элчи Отунбаев Айкол FC жетекчиси Кубанычбек Осмонбековго ыраазычылык билдирип, мекендештерди бириктирүү жана кыргызстандыктарды эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөлүк аренага чыгаруу аракеттерине ийгилик каалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0