Футбол боюнча Азия чемпионатынын алкагында Япония Кыргызстанды утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол тобунун архивндик сүрөтү
Футбол тобунун архивндик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки таймга созулган оюн 6:0 эсебинде япондуктардын пайдасына аяктады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. КРдин жаштар курама командасы Азия чемпионатынын алкагында Япониянын курама командасына жеңилип калды. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди.

Бишкектик Дордой курама командасы оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Дордой" Кыргызстанда футбол кубогун алуу боюнча рекорд койду
Кыргызстандык жаш футболчулар өзүлөрүнүн тайпадагы алгачкы беттешин 16-сентябрда австралиялыктарга каршы өткөрүп, аларды 1:0 эсеби менен утуп алган. Ал эми япониялыктар да биринчи оюнунда атаандашы Вьетнамдын курама командасын 7:0 эсеби менен жеңген.

Ал эми Кыргызстан — Япония беттеши 8:0 эсебинде япондуктардын пайдасына аяктады.

Кыргызстандын курама командасы (U-16) Азия чемпионатына биринчи жолу катышып жатат. Чучукулак кармоонун жыйынтыгы менен кыргызстандык оюнчулар "В" тайпасына туш келген. Бул тайпада Япония, Австралия жана Вьетнам командалары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0