Рио-2016: бүгүн күч сынашчу балбан Жанарбек Кенжеев тууралуу 5 факты

© AFP / PRAKASH SINGHБорец греко-римского стиля Жанарбек Кенжеев
Борец греко-римского стиля Жанарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жанарбек Кенжеев кыргыз өлкөсүнө дагы медаль алып келет деген көзгө басар спортчуларыбыздын бири. Ал Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн, 15-августта Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан жайкы олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү боюнча таймашка чыга турган Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев тууралуу 5 фактыны сунуштайбыз.

1. Жанарбек балбандардын тукумунан. Чоң атасы Таласка таанымал балбан болгон. Кайнатасы да Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, олимпиадалык даражадагы калыс, СССР спорт чебери Мейрамбек Ахметов. Агасы жана кайниси да спорт чеберлери. 

© © SputnikОлимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү боюнча таймашка чыга турган Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев
Участник Олимпиады-2016, борец греко-римского стиля Жанарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү боюнча таймашка чыга турган Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев

2. Казактарга күйөө бала. Келинчегинин аты Зауреш. Бир уул, бир кыздын атасы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча бүткөн. Келечекте өзүндөй укугу басмырлаган спортчуларга юрист катары жардам берсем деген тилеги бар.

Рио-де-Жанейро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: бүгүн килемге чыкчу Кенжеев менен Рамоновдун атаандаштары аныкталды
3. Жанарбек Кенжеев Азиянын эки жолку чемпиону. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Азия чемпиондугунун коло байгесин үч жолу, күмүш байгесин бир жолу уткан. 2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Азия оюндарында коло байгени үч жолу жеңген. 2004-жылы Афина олимпиадасына катышып, 13-орунду алган. 

4. Спортчу Рио Олимпиадасына жолдомо алганы менен канынан тыюу салынган мельдоний заты табылып жолдомосу алынган. Дүйнөлүк күрөш уюму (United World Wrestling) Жанарбек Кенжеевге Олимпиада оюндарына алган жолдомосун кайтарып берип, таймашууларга жолу ачылган. 

5. 85 килограммга чейинки салмакта 1/16 финалдагы Жанарбек Кенжеевдин алгачкы атаандашы германиялык Денис Кудла болот. Ал 2016-жылы Европа чемпионатында коло байге уткан. Жанарбек болсо 2016-жылдын Азия чемпиону жана Азия оюндарынын үч жолку коло байге ээси, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер болуп саналат. 

Балбан Жанарбек Кенжеевдин интервьюсун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0