— Ата-энем Таласта жашайт. Ата-бабам балбандар болгон. Кайнатам Мейрамбек Ахметов да Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, олимпиадалык даражадагы калыс, СССР спорт чебери. Келинчегимдин аты Зауреш. 2010-жылы экөөбүз түтүн булатып, үй-бүлө курганбыз. Бир уул, бир кызыбыз бар. Жыл бою машыгууларда көп болгондуктан, алар менен чогуу убакыт өткөрө албаймын. Машыгуулардан же мелдештерден келгенден кийин алардын чоңоюп калаганын байкайм.
— Спорт дүйнөсүнө кантип баш багып калдыңыз эле?
— Кичинекей кезимде айылыбызда кыргыз күрөшү боюнча мелдештер болуп турчу. Таласта балдарды күрөштүрүп, күч сынашуу адатка айланган. Менин бир туугандарым дагы күрөш менен машыккан, улуу агам мени спортко кызыктырып, күрөштүн ыкмаларын үйрөтүп, спортко болгон сүйүүмдү ойготкон. Кийин кесипкөй спортчу болгондугума байланыштуу ал мени машыктырып, спарринг өнөктөш катары машыгууларды уюштурган.
Мен Бишкек шаарындагы №66 мектепте окугам. Мектепти алтын медаль менен аяктап, күрөштү да таштабай үзбөй машыкканмын. Спорт менен эле жүрө бербей, бир кесипке ээ болоюн деп юриспруденцияга тапшырып, жогорку билим алгам.
— Кийин кесибиңиз боюнча иштейсизби?
— Рио Олимпиадасынан кийин белгилүү болот го. Мендей укугу басмырлаган спортчуларга юрист катары жардам берсем деген тилегим бар.
— Сиз спортчу болбосоңуз, ким болот элеңиз?
— Мамлекеттик кызматкер же жеке ишкер болуп иштемекмин.
— Балдарыңызды спортко бересизби?
Балдарым спортко кызыкса чектөө койбойм. Бирок, спорттон көрө алар илим-билим алышса дейм.
— Олимпиада оюндарынын алдында токунданып жатасызбы?
— Допинг чырынан кийин жолдомоңуз кайтарылганда кандай сезимге туш болдуңуз?
— Допинг чыры мени убайымга салып, кыжалат кылып, бир топ убактымды алып койду. Ошондой болсо дагы мен машыгууну үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылдым. Эч кимге дооматым жок. Албетте, сүйүндүм.
— Сиз менен бирге өлкө намысын коргоо үчүн Риого бараткан олимпиадачыларга эмне каалап кетет элеңиз?