КРдин өспүрүм футболчулары казак атаандаштарынан жеңишти тартып алды

© Фото / пресс-служба ФФКРКРдин футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-16). Архив
КРдин футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-16). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач утулуп бараткан кыргызстандык футболчулар экинчи таймда атаандашынын таш-талканын чыгарды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. КРдин футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-16) Казакстандын "Кайрат" клубун жолдоштук беттеште утуп алганын Футбол федерациясынан билдиришти.

Жолдоштук мелдеш Алматы шаарында өткөн.

Улуттук курамдын машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: КР курама командасы абдан өжөр
Биринчи тайм 1:2 эсебинде казакстандык футболчулардын пайдасына аяктаган. 

Экинчи таймда кыргызстандыктар активдүүлүгүн көрсөтүп, 50 мүнөттө эсепти теңешкен. Үч мүнөттөн кийин КР оюнчулары 2:3 эсебинде алдыга чыгышкан. Дагы эки мүнөттөн кийин эсеп 2:4 болуп, тараза ташы кыргызстандыктарга ооду.

Курама команданын башкы машыктыруучусу Самат Суймалиев жаш футболчулар жакшы оюн көрсөткөнүн билдирди.

Учурда улуттук команда 15-сентябрдан 2-октябрга чейин Индияда өтүүчү Азия чемпионатына даярдык көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0