Кыргызстандык футзалчылар кыл учунан кайтып, эсепти араң теңеди

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын футзал боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык оюнчулар беттешүүнүн акыркы секундаларында эсепти теңөөгө жетишти.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын командасынын Азия чемпионатындагы алгачкы беттешүүсү тең чыгуу менен аяктады.

Турнирдин алкагындагы оюнда кыргызстандык команда Ливандын оюнчулары менен беттешти. Биринчи таймдан кийин кыргызстандыктар 2:0 эсеби менен алдыда келе жаткан. Бирок кийинки таймда ливандыктар алдыга озуп кетишти. Экинчи бөлүктүн аяктаарына 1,5 мүнөт калганда тайм-аут жарыяланды. Бул учурда эсеп ливандыктардын пайдасына 4:3 болчу.

КРдин футбол боюнча командасы Сочидеги бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат
Акыркы секундада кыргызстандыктар эсепти теңөөгө жетишти. Футзалчы Максадбек Алимов ливандык оюнчунун катасынан улам дарбазага топ киргизип, эсепти 4:4 кыла алды.

Жергиликтүү футзалчылар чүчү кулактын натыйжасында "А" тайпасына туш болуп, Өзбекстан, Ливан жана Сауд Аравиясы менен беттешмек. Чемпионат учурда Ташкент шаарында өтүп жатат.

16 команданын ичинен суурулуп чыккан беш команда Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпионатында ат салышууга жолдомо алмакчы.

Кыргызстан командасынын курамы, тайпадагы атаандаштар жана футзалдын тарыхы боюнча Sputnik инфографикаcынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0