КРдин футбол боюнча командасы Сочидеги бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүСочи шаарына көрүнүш. Архив
Сочи шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 15 жашка чейинки өспүрүмдөр катышат. Апрелге чейин тандоо түрү өтүп, андан соң финалдык беттештер жүрөт.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сочиде өтчү экинчи бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештердин оюнуна — өспүрүмдөрдүн эл аралык спорттук беттешине катышарын Росскызматташуунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 23-29-апрель күндөрү Сочи шаарында өтөт.

Беттеш эки бөлүктөн турат:

  • Биринчиси — тандоо туру (өлкөлөр арасында команда түзүү);
  • Экинчиси— финалдык бөлүк.

Футбол боюнча улуттук курамдын автобусун жасалгалоо үчүн сынак жарыяланды
Кыргызстандан барган команда кичи футбол боюнча мелдешке катышат (сегиз өспүрүм).

Курама командага тандоо туру 13-20-февраль күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Тандоо турун уюштурууну "Россиялык жердештер уюму" коомдук бирикмеси өз мойнуна алды. 

Катышуучулардын жаш курагы 15 жаш.

Мелдештин чыгымдарын Росскызматташуу төлөп бермей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0