Кыргызстандык "Алтын бала" жоокердик самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

© предоставлено Нургазы АмиракуловымКыргызстандык Даркынбек Байзаков жоокердик самбо боюнча дүйнө чемпионатында.
Кыргызстандык Даркынбек Байзаков жоокердик самбо боюнча дүйнө чемпионатында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионатына 10 өлкөнүн мыкты спортчулары катышты.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Жаркынбек Байзаков жоокердик самбо боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алганын Sputnik агенттигине спортчунун насаатчысы Нургазы Амиракулов билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-12-декабрь күндөрү Москва шаарында профессионалдык жоокер самбосу боюнча XXI дүйнө чемпионаты болуп өттү. 

"Биринчиликке "Айкөл-Манас Кыргызстан" клубунун өкүлү "Алтын бала каймана аты бар Жаркынбек Байзаков 57 килограмм салмак ченинде алтын медалга ээ болду", — деди машыктыруучу. 

Чемпионго эл аралык класстагы спорттун чебери наамы ыйгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0