Футбол күнүндө FIFA сайты Кыргызстандын командасына арналган макала жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Иордания футбол беттеши. Архив
Кыргызстан — Иордания футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы футболдук уюмдун макаласында Кыргызстандын курама командасынын быйылкы жылдагы жетишкен ийгиликтери жана улуттук команданы бийиктикке жеткирген сүрөөнчүлөр тууралуу кеп салган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк футбол ассоциациясы (FIFA) Дүйнөлүк футбол күнүнө карата жеке сайтына Кыргызстандык курама командасы тууралуу макала жарыялаган.

Анда команданын декабрь айындагы рейтинги жана көрсөткүчүн жаңылаганына басым жасалган. 

FIFA Япония, Иран жана Түштүк Корея командаларынын рейтинги төмөндөп кеткен маалда Кыргызстандын ийгиликтери күндөн күнгө артып жатканын белгилейт. 

"Иорданияны 1:0 эсеби менен жеңип алганы Кыргызстандын курама командасын аябай шыктандырды. Атаандаш оюн учурунда мыкты коргонуп, ырааттуу контрчабуул көрсөткөнүнө карабай, жарым коргоочу Антон Землянухиндин жалгыз тобу баарын өзгөртүп жиберди", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кыргызстан курама командасынын спортчусу футбол талаасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан тарта Кыргызстан FIFA рейтингинде 44 орунга жогорулады
2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун тайпасында үчүнчү орун ээлегенине карабастан, кыргызстандык команда биринчи кезекте 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алууга жан үрөй турганын белгиленет.

FIFA макаласында улуттук команда топко Кыргызстанда туулуп, бирок чет элдик клубдарда ойногон футболчуларды тартышы ийгиликтин сырларынын бири экени жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0