Оштун мэри шаардыктарды "Алайга" күйөрмандык кылууга чакырды

Жазылуу
25-октябрда Ош шаарында "Алай" футболдук командасы Нарындын "Ала-Тоосу", 31-октябрда Бишкектин "Алга" командасы менен ойнойт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев түштүк борбордун жетекчилерин "Алай" футболдук командасын колдоого чакырды.

Шаар башчысы бул туурасында вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан коллегияда айтты.

Ал "Алай" футболдук командасы Кыргызстандын чемпиондугунда 44 упай менен биринчи орунда келе жаткандыгын билдирди. 

"Футболчулар акыркы эки оюнун Ош шаарынын борбордук стадионунда ойнойт. 25-октябрда "Алай" командасы Нарын шаарынын "Ала-Тоо" командасын, ал эми 31-октябрда Бишкектин "Алга" командасын кабыл алат. Ошондуктан, баарыңыздарды — жалпы шаардыктарды алдыда боло турган эки оюнда сүйүктүү командабызды колдоого чакырам", — деди Кадырбаев.

Бул оюндар өлкөнүн футбол боюнча чемпионатынын алкагында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0